Мазмунга өтүү

Калыстык

Федерациянын калыстар корпусу Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) эрежелери боюнча иштейт.

Калыстар директору

Абдурасулов Азамат Абдурасулович

IJF

Эл аралык категориядагы калыс

Кыдыралиев Кельсинбек

Эл аралык дзюдо федерациясынан (IJF) эл аралык деңгээлдеги сертификатты 2025-жылдын 4-июлунда Алматыда өткөн семинарда алган.

IJF

Эл аралык категориядагы калыс

Сатиев Талайбек

Эл аралык дзюдо федерациясынан (IJF) эл аралык деңгээлдеги сертификатты 2025-жылдын 4-июлунда Алматыда өткөн семинарда алган.

Эрежелер жана сертификаттоо

01

Эл аралык стандарттар

Кыргызстандагы калыстар Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) эрежелерин, анын ичинде калыстарды баалоо жана классификациялоо системасын сакташат.

02

Сертификация

Сертификация процесси теориялык жана практикалык экзамендерди, эл аралык семинарларга жана турнирлерге катышууну камтыйт.

03

Квалификацияны жаңыртуу

Калыстар окутуу иш-чараларына жана экзамендерге катышуу аркылуу өз квалификациясын дайыма тастыктап турууга милдеттүү.

IJF калыстарды баалоо системасы

  1. Теориялык бөлүк

    • IJF эрежелерин билүү (Shido, Hansoku-make, Ippon, Waza-ari).
    • Ыргытууларды, кармоолорду жана оорутуучу ыкмаларды баалоо критерийлерин түшүнүү.
    • Татамидеги стандарттуу эмес жагдайлар боюнча ситуативдик тесттер.
  2. Практикалык бөлүк

    • Улук калыстардын көзөмөлү астында машыгууларда жана турнирлерде калыстык кылуу.
    • Видео-тестирлөө: калыс видео беттештерди баалап, чечимдерин негиздейт.
  3. Рейтинг система

    • Ар бир калыс турнирлерге жана семинарларга катышканы үчүн упайларды алат.
    • Упайлар деңгээл боюнча өсуү мүмкүнчүлүгүн аныктайт (жергиликтүү → континенттик → эл аралык).
  4. Квалификацияны жаңыртуу

    • Ар 1–3 жылда IJF семинарларынан өтүү.
    • Практикалык жана теориялык экзамендерди кайра тапшыруу.
    • Статусун сактап калуу үчүн эл аралык мелдештерге катышуу милдеттүү.